Маанилүү жаңылыктар

Быйыл жасалма уруктандыруу аркылуу 6 миңден ашуун асыл тукум төл алынды

Суу ресуртары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти USAID уюму жана “Кыргыз жүн” ассоциациясы менен биргеликте Кыргызстанга Россиядан койлордун жасалма уруктандыруусу үчүн 40 комплект керектүү шаймандар сатып алынды. Алар 2024-жылдын куут өнөктүгүнө техник-уруктандыруучуларга таркатылат.

Белгилей кетсек, бул боюнча министрликтин Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти койлорду жасалма жол менен уруктандыруу боюнча техник уруктандыруучулуларды даярдоо үчүн окуу курстарын уюштурууну пландоодо.

Негизинен койлорду жасалма жол менен уруктандыруу чарбада койлордон көп санда сапаттуу төл алуу үчүн колдонулат. Кыргызстанда койлорду сандан сапатка өткөрүү боюнча Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти тарабынан колдоо көрсөтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, 2023-жылы 6190 баш кой куудурулуп, быйылкы жылы куудурулган койлордон 6247 төл алынды. Башкача айтканда, куудурулган койдун төлдүүлүгү 100/101 түздү. Алардын ичинен Меринос уругунан 4650 төл алынып, ал алынган төлдүн 74,4% түзгөн. Арашан уругунан 972 баш төл-15,56%, Тянь-Шань уругундагы койдон 450 баш-7,3%, Алай уругундагы койдон 202 баш төл алынып, 3,23% түзгөн.

Койлор белгилүү бир жыныстык өнөктүктө куудурулат. Ал сентябрь айынан декабрь айына туура келет. Ал эми 2024-жылы койлордун куут өнөктүгүнө карап, жасалма уруктандыруу октябрь айынан башталат.

Show More
Back to top button