Маанилүү жаңылыктар

Адистер бадамдын кеч гүлдөгөн Феррагнес жана Феррадюэл сортторун сынашты

Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти бадамдын кеч гүлдөгөн Феррагнес жана Феррадюэл сортторун өстүрүүнү сунуштайт. Бул сорттун артыкчылыгын мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн питомнигинин жетекчиси Маданов Руслан тастыктап, ал өзүнүн питомнигинде бадамдын кеч гүлдөгөн Феррагнес жана Феррадюэл сортторун сынап көргөн. Ал дыйкандарга бак отургузууда бадам өсүмдүгүнүн көчөтүнө көңүл бурууну сунуштайт.

Бадамдын бул сорту кеч гүлдөгөндүктөн, жазгы үшүккө урунбайт, жылда мөмө берет. Бадам өсүмдүгү өстүрүүдө жөнөкөй, алгачкы 2-3 жылда мезгили менен сугаруу талап кылынат, кийинки жылдары сезон ичинде 2-3 жолу сугарса жетиштүү.

Бадамдын тамыр системасы абдан күчтүү жана терең, жантаймаларды бекемдөө үчүн отургузса болот. Өсүмдүк кургакчылыкка чыдамдуу, кабыгы жумшак. Ал тез эле мөмө берет. Маңызынын түшүмдүүлүгү 40-41%, же болбосо 1 га – 2000 кг. Ал эми түшүм жыйноо мезгили болсо сентябрдын үчүнчү жумасы.

Show More
Back to top button