Азыркы учурда республика боюнча дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жалпы 443,0 миң га же 74,0% аянтта жүргүзүлүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 80,2 миң га көп жыйналды.
Буудай 223,2 миң га аянтта (92,8%) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 52,6 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүгү 29,5 ц/га болуп, 2023-жылга салыштырмалуу 5,7 ц/га жогору. Айрыкча, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында түшүмдүүлүк 30,0-33 ц/га түзүүдө. Дүң жыйым 659,4 миң тоннаны түзүп, бул өткөн жылга караганда 252,2 миң тоннага көп.
Арпа 204,7 миң га аянтта (81,6%) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 27,5 миң га көп. Түшүмдүүлүгү 25,9 ц/га болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 3,6 ц/га жогору. Дүң жыйым 529,9 миң тоннаны түзүп, былтыркыга караганда 135,7 миң тоннага көп болду. Арпанын эң жогорку түшүмдүүлүгү Чүй облусунда 29 ц/га жетүүдө.
Жүгөрү (дандык) жалпы 15,2 миң га аянтта (14,2%) жыйналды. Түшүмдүүлүк 76,4 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,8 ц/га көп. Дүң жыйым 116,1 миң тонна болуп, бул 2023-жылга караганда 5,8 миң тоннага жогору. Эң жакшы түшүмдүүлүк Ош облусунда – 85,6 ц/га.
Ал эми, картошканын 19 миң га (28,7%) казылып алынып, орточо түшүмдүүлүк 169,7 ц/га болду, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,8 ц/га жогору. Дүң жыйым 323,4 миң тонна болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 30,9 миң тоннага көп болду. Ысык-Көл жана Чүй облустарында түшүмдүүлүк 182-184 ц/га түзүүдө.
Жашылчанын дүң жыйымы 588,3 миң тонна болуп, бул 2020-жылга салыштырмалуу 95,9 миң тоннага көп. Бахча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 212,4 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга караганда 46,9 миң тоннага жогору болду. Мөмө-жемиштер боюнча 43,2 миң тонна жыйналып, бул өткөн жылга салыштырмалуу 9,1 миң тоннага көп.
Ошондой эле республика боюнча май өсүмдүктөрүн жыйноо иштери башталганын белгилеп кетүү керек.