Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Багбанчылыктын жаңы маданиятын үйрөтүү максатында “Тамарка” долбоору ишке ашат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги “Бай багбан” ассоциациясы жана “Гарден Колсалтинг” ЖЧКсы менен биргеликте “Тамарка” улуттук программасынын долбоорун баштап жатат.
Кыргыз Республикасында орточо 1 000 000 жакын кожолук бар, анын арасынан 700 000 кожолуктун короо жайында бак тигип эгин эксе боло турган 10-50 сотых тамаркасы бар.
Тамарканын негизги максаттары – эскирген мөмөлү бак дарактарды жанылоо, каралбай калган короо жайларына кирешелүү жаны сортторду сунуштоо (алма, алмурут, өрүк, шабдалы, алча, жүзүм, кара өрүк, айва, жаңгак жана фундук), жыл сайын туруктуу киреше алып келүүчү булактарын түзүп берүү жана жаны багбанчылык маданиятын үйрөтүү болуп саналат.
Андан сырткары, өсүмдүктөрдү оптималдуу сугаруу үчүн заманбап тамчылатып сугаруу системаларын киргизүү. Бул сууну үнөмдөөгө жана экологиялык стандарттарга ылайык өсүмдүктөрдү керектүү өлчөмдө нымдуулук менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Кошумчалай кетсек, пилоттук негизде 2025-жылдын жаз айларынан баштап 3-4 жеке менчик үйлөрдүн короо жайларына жогоруда айтылган “Тамарка” долбоорун уюштуруу пландалууда.
Андан кийинки министрлигдин кадамдары ар бир облустан 100дөй үй-бүлөгө аталган долбоорду жайылтуу пландалууда.

Show More
Back to top button