Маанилүү жаңылыктар

Айыл чарба багытындагы жерлер тууралуу маалыматты эркин алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-сентябрындагы № 463-т 2022-2024-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын ачык маалыматтар концепциясын ишке ашыруу максатында ачык маалыматтар топтомун www.data.gov.kg порталына  этап-этабы менен жайгаштырып турарын билдирет. Ачык маалыматтар – бул мамлекеттик органдардын ачыктыгына жана калкка отчет берүүсүнө көмөк көрсөткөн машиналык окуу форматында маалыматты эркин алуу, пайдалануу жана жайылтуу шарттарында Интернет тармагында ачык жеткиликтүүлүктө жайгаштырылган мамлекеттик органдардын иши жөнүндө маалыматтар топтому түрүндөгү маалымат болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасында ачык маалыматтар демилгесин киргизүү жарандык коомдун, иштеп чыгуучулар жана бизнес коомдоштуктарынын ачык маалыматтарды пайдалануусунун эсебинен коомдук, саясий, социалдык жана экономикалык оң натыйжаларга, маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнүн эсебинен инвестициялык климаттын жакшырышына, калктын жашоо сапатынын жогорулашына алып келет.

Кыргыз Республикасындагы айыл чарба багытындагы (кунарлуу жана кунарсыз) жерлер боюнча маалыматты http://nsdi.kg/ порталынан алууга болот.

Мүмкүнчүлүктөр жана жеткиликтүү маалымат:

Картографиялык маалыматтар: жер участокторун, топурактын түрлөрүн, климаттык шарттарды жана суу ресурстарын визуалдаштырууга жана анализдөөгө жардам берген ар кандай маалымат катмарларын камтыйт.

Метадайындар: маалыматтын келип чыгышы, тактыгы, чогултуу ыкмалары жана актуалдуулугу жөнүндө толук маалымат берет, бул колдонуучуларга маалыматтардын сапатын жана алардын муктаждыктарына ылайыктуулугун баалоого жардам берет.

Тематикалык карталар:Айыл чарба параметрлерин талдоо үчүн жеткиликтүү, мисалы, өсүмдүктөрдүн таралышы, жайыттын абалы жана өндүрүшкө таасир этүүчү башка экологиялык параметрлер.

Бул маалыматтар Айыл чарба ресурстарын башкаруу, түшүмдү пландаштыруу, экосистемаларды көзөмөлдөө жана айыл чарбасынын туруктуу өнүгүүсүнө байланыштуу башка маселелерди чечүү менен алектенген фермерлер, мамлекеттик органдар жана изилдөө уюмдары үчүн пайдалуу.

Show More
Back to top button