Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Оруп-жыюу өнөктүгүнө республика боюнча жалпысынан 2 миңге жакын комбайн тартылды

Азыркы учурда республикада дан эгиндерин оруп-жыюу өнөктүгү Чүй, Талас, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын өзгөчө толуу аймактарын эсепке албаганда дээрлик жыйынтыкталып калды. 2024-жылы республика боюнча дан эгиндерин оруп-жыюу жумуштарына жалпы 1950 дан комбайндын 1453 тартылып, өнөктүккө катышты.
Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүй облустарында дан комбайндарга болгон жумуштун көлөмүнүн жогору болгондугуна байланыштуу Министрликтин кызматкерлери райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте оруп-жыюу өнөктүгүндө комбайндарды дан эгиндеринин бышып жетилүүсүнө жараша аймактарга бирдей бөлүштүрүү боюнча мобилизациялоо иштерин жүргүзүштү.
Оруп-жыюу өнөктүгүндө Чүй облусуна Ысык-Көл, Нарын облустарынан 150 дан комбайндары тартылып, өнөктүк өз нугунда жүргүзүлүп, ийгиликтүү аяктады. Өлкөнүн түштүк аймагындагы оруп-жыюу өнөктүгүнө жалпы 400 ашык дан комбайндары катышты, анын ичинен 100 жакыны тоо этегиндеги дыйканчылык зоналарына тартылган. 2024-жылы 1 комбайнга туура келүүчү жумуштун көлөмү 253,4 гектарды түздү.
Азыркы мезгилде Ысык-Көл, Нарын облустарында оруп-жыюу өнөктүгү жүрүүдө. Сентябрь айынын биринчи декадасында Суусамыр өрөөнүндө башталып, өтүп бараткан жылдын октябрь айында жыйынтыкталаары болжолдонууда.

Show More
Back to top button