Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ветеринардык кызмат Кытай менен эл аралык илимий долбоор боюнча маанилүү кызматташтык келишимине кол койду

2024-жылдын 26-28-август күндөрү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринария кызматтын директору Улугбек Кожобергенов жетектеген делегациянын жумушчу сапары Кытайдын Айыл чарба илимдер академиясынын (CAAS) Ланьчжоу Ветеринария илим-изилдөө институтунда (LVRI) болду.
Бул институт Дүйнөлүк жаныбарлардын ден соолугунун саламаттыгын сактоо уюмунун шарп ылаңы боюнча референттик лаборатория болуп саналат. Иш сапарынын жүрүшүндө биргелешкен эл аралык илимий долбоордун пайдубалын түзгөн маанилүү кызматташтык келишимине кол коюлду.
Келишимдин максаты:

  • эпидемиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  • А. Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илимий изилдөө институтунун базасында курч зооноздук ылаңдардын, анын ичинде шарптын алдын алууга жана аларга каршы күрөшүүгө багытталган жаңы ветеринардык препараттарды иштеп чыгуу.
  • биргелешкен изилдөө демилгелери: зооноздук оорулардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн биздин мамлекеттердин илимий потенциалын бириктирүү;
  • техникалык кызматташтык: ветеринардык практика жана технологиялык жетишкендиктер жаатында тажрыйба алмашуу;
  • изилдөөчүлөрдүн алмашуусу: билим алмашууга көмөктөшүү жана чек аралык кызматташтыкты бекемдөө.
  • академиялык маалымат алмашуу: маанилүү маалыматтарды жана изилдөө натыйжаларын бөлүшүү аркылуу жалпы түшүнүктү тереңдетүү.
  • изилдөө материалдарын алмашуу: биздин изилдөөчүлөргө эң мыкты ресурстарды берүү.
Show More
Back to top button