Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

3-сентябрдан тартып тоок жумурткаларынын импортуна киргизилген убактылуу чектөөлөр алынат

2024-жылдын 5-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен Кыргыз Республикасынын аймагына тоок жумурткаларын алып кирүүгө (импорттоого) тыюу салынган. Бул чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого жана өлкөнү азык-түлүк жумурткалары менен камсыз кылууга багытталган. Убактылуу чектөө киргизилгенден кийин ата мекендик канаттуулар ишканалары тарабынан тоок жумурткаларын өндүрүү көбөйтүлгөн жана импорттук продукция менен атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жогорулаган.

Канаттуулар ассоциациясынын кайрылуусунун негизинде 2024-жылдын 3-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагына жумуртка алып кирүүгө (импорттоого) киргизилген убактылуу чөктөөлөрдү алып салуу демилгеленди. Азыркы учурда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн тоок жумурткаларын өндүрүү абалы мурунку айларга салыштырмалуу кыйла жакшырды. Азыркы учурда жергиликтүү өндүрүүчүлөр көлөмү жана баа саясаты боюнча импорттук продукциялар менен атаандашууга даяр. Бул калыбына келтирүүнү жана өндүрүштүк кубаттуулуктун жогорулашын жана рыноктун муктаждыктарын импорттук жумурткалар менен бирдей канааттандырууга даярдыгын көрсөтөт.

Show More
Back to top button