Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Ош облусунда оруп жыйноо маселеси боюнча жыйын өттү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине карштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин райондук адистеринин катышуусунда Ош облусунун Ноокат районунда, айыл аймактарда муниципалдык ишканаларды түзүү, жайыт жана оруп жыйноо маселелери боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө муниципалдык ишкананы түзүү, жайыт маселелери, оруп жыйноо жана тоют даярдоо боюнча талкуу болду. Ошондой эле, муниципалдык ишканаларды түзө элек айыл аймактарга аны түзүүнү тездетүү тапшырмасы берилди. Мындан сырткары күн тартибинде каралган маселеде айтылган тапшырмаларды өз убагында аткарууларын белгиледи.

Show More
Back to top button