Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы тарабынан 2024-жылдын 7 айда 1290 субъект макулдашылып, тамак-аш коопсуздугуна тиешелүү болгон субъектер текшерүү жүргүзүлгөн.
Анын негизинде бүгүнкү күндө 780 субъект текшерилип, ветеринардык-санитардык талаптар жана көрсөтмөлөр аткарылбагандыктан жалпы 485 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү боюнча (Proverka.kg) расмий электрондук порталы аркылуу 4-кварталга райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктар тарабынан 1484 субъект макулдашууга даярдалууда.