Маанилүү жаңылыктар

Жаныбек Керималиев министрдин биринчи орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары болуп Жаныбек Керималиев дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин сунушунун негизинде кол койгон.

Белгилей кетсек, Жаныбек Керималиев буга чейин Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун директору кызматын аркалап келген.

Show More
Back to top button