Маанилүү жаңылыктар

Айыл чарба техникаларын лизингге алуу маселелери талкууланды

2024-жылдын май айында айыл чарбасын механизациялоону өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү каржылоо боюнча Ислам Өнүктүрүү Банкынын (ИӨБ) Программасынын Миссиясынын өкүлдөрү менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жетекчилиги жана «Айыл Банк» ААК, «РСК Банк» ААК өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда айыл чарба жана атайын техникаларын, кайра иштетүүчү ишканалары үчүн машиналарды жана жабдууларды лизингге алуу үчүн Ислам Өнүктүрүү Банкынын (ИӨБ) каражаттарынан 45,0 млн. АКШ доллары суммасындагы инвестициялык насыя тартуу билдирмесинин долбоору талкууланды. Долбоорду ишке ашыруу боюнча маселелер, мөөнөттөрү, негизги этаптары, буга чейинки окшош долбоорлорду карап чыгуу, долбоорду ишке ашыруудагы оң жана мүмкүн болуучу терс жактары, долбоордун жыйынтыктары жана мониторинги талкууланды.

Ошондой эле, миссиянын өкүлдөрү финансы уюмдарынын жана банк секторунун өкүлдөрү менен жолугушту. Азыркы учурда бул долбоор үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтө турган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кеңешинин кароосуна даярдалууда.

Show More
Back to top button