Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Аксы районунда 500 тонна мөмө жемишти сактай турган логистикалык курулду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жалпы сметалык баасы 22 млн сомду түзгөн 500 тонналык мөмө жемишти сактоочу логистикалык кампа ачылды. Бул ишкана сезон убагында 10дон ашуун жергиликтүү тургунду иш менен камсыз кылат.
Ошондой эле, аталган райондун Жерге-Тал айылында мөмө жемиштин кагын кайра иштетүүчү логистикалык борбор сентябрь айынан тартып толук кандуу ишке берилет. Ишкана сезон убагында 25 адамды туруктуу иш менен камсыз кылат. Ишкананын курулушу, аны керектүү жабдык менен камсыздоого жалпысынан 26 млн 800 миң сом сарпталган. Борбордо кара өрүктүн кагын кайра иштетип, фасовкалап, таңгактап, даяр продукцияны Казакстан, Россия Федерациясы жана Өзбекстанга экспортко чыгаруу каралган. Ишкананын кубаттуулугу күнүнө 50 тонна мөмө жемишти кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун Кара Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына байланыштуу чыгарган Жарлыгына ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоорду илгерилетүүдө. Бүгүнкү күндө агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоордун алкагында 96 долбоорду ишке ашырууда.

Show More
Back to top button