Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстанда 105 миң тонна балык өндүрүп, экспорттун көлөмүн 50 миң тоннага жеткиргенге шарт бар

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жумушчу иш сапары менен Чүй облусунун аймагын кыдырып, Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы балыкты кайра иштетүүчү ишканалардын курулуштарына капсула салды.

Министр иш-чарада балык чарбаларынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү зарылдыгын билдирип: “Айыл чарба тармагында дагы дыйкан-фермерлерге үлгү боло турган чемпиондор чыгыш керек. Алар өздөрүнүн тажырыйбасы, билими, каражаты менен артынан карапайым элди ээрчитип, көмөк көрсөтүп, жарандарыбыздын байышына өбөлгө болугуу тийиш. Биз ошондуктан кайра иштетүү өнөр жайын ар дайым колдойбуз. Мына бүгүнкү күндө 30 миң тонна балык өндүрүлсө, 5 миң тонна гана экспортко чыгып жатат. Бизде 105 миң тонна өндүрүүгө шарт бар. Ошондо экспорттун көлөмүн 50 миң тоннага жеткирсе болот”, – деп, кайра иштетүү өнөр жайларын куруп, өркүндөтүүгө өзгөчө басым жасалып жатканын айтты.

Аламүдүн районунун Ленин айылындагы «Салих ЛТД» ЖЧКсы ишканасы куруп жаткан балыкты кайра иштетүүчү ишкана 3000 тоннага чейин кайра иштетилген балык өнүмдөрүн, 8000 кг чейин кара осетр балыктарынын икрасын чыгарууга жөндөмдүү. Долбооорго 4 387 460 доллар сарпталат.

Компания 2023-жылдын 12-июнунда балык тоюттарынын жаңы өндүрүшүн ишке киргизген. Тоют даярдоочу линиянын кубаттуулугу жылына даяр 5000 тонна продукция өндүрөт.

Ишкана 2023-жылдын 15-сентябрында селекциялык-өндүрүштүк балык чарбасын ишке киргизген. Бул балык чарбасы осетр балыктарын өстүрүү, инкубациялоо жана жегенге жарамдуу икра өндүрүү менен алектенет. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 250 тонна товардык балыкты түзөт. Ошондой эле, Константиновка айылында, суу аянты 4,3 га форель балык чарбасы ишке киргизилген. Балык чарбасынын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 800 тонна балык товарын түзөт.

Ал эми Сокулук районунун Ак-Жол айылында «Вилби» ишканасы 134 250 000 сомго балык жана балык продуктыларын кайра иштетүү цехин курууда. Цех ишке кирсе 45 жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Жылдык өндүрүмдүүлүк:
Муздатылган форель – 1000 тонна;
Тоңдурулган форель – 1000 тонна;
Ышталган балык өнүмдөрү – 800 тонна;
Кургатылган балык өнүмдөрү – 400 тонна;
Жеңил туздалган балык азыктары – 1000 тонна;
Гидробионттордун консервалары – 1 000 000 даана.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун Кара Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына байланыштуу чыгарган Жарлыгына ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоорду илгерилетүүдө. Бүгүнкү күндө агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн алкагында кайра иштетүү өнөр жайларын курууга өзгөчө басым жасалып 100 долбоордун алкагында 96 долбоорду ишке ашырылууда.

Show More
Back to top button