Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдө азык-түлүккө болгон баалар

Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2024-жылдын Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы сыяктуу чет өлкөлөр менен Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк продуктуларына болгон бааларга салыштырмалуу мониторинги жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа, коңшу Казакстан Республикасынын базар бааларынан 14,5 % га жана Россия Федерациясынан 14,9 % га төмөн экендиги аныкталды. Эске салсак, өткөн аптага салыштырмалуу Кыргыз Республикасынын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа 1,8 % га жогорууласа, коңшу Казакстан Республикасынын базар баалары 0,15 % га, ал эми Россия Федерациясы 0,12 % га төмөндөгөнү байкалды. Мисалы, бир аптанын ичинде Бишкек шаарынын ички рыногунда продуктыларга болгон баа туруктуу, болгону картөшкө-5 сомго төмөндөгөн, ал эми Каракол шаарында уй эти 15 сомго жогорууласа, картөшкө 5 сомго төмөндөгөн. Ош шаарында уй эти 5 с, сабиз 4 с жана кумшекер 1,6 сомго жогорууласа, тоок жумурткасы 5 сомго төмөндөгөн. Казахстан Республикасына караштуу Костонай облусунда продуктылардын баасында өткөн апта менен салыштырмалуу чоң өзгөрүү байкалган жок болгону уй этинин баасы 5 сомго жогорууласа буудай (жергиликтүү) 2 сомго (импорт) 4 сомго төмөндөгөнүн байкаса болот. Карагандада буудай, картөшкө жана тоок жумурткасына болгон баалар 2 сомго төмөндөгөн. Актөбеде уй эти 2 сомго картөшкө 4 сомго төмөндөгөн. Россия Федерациясына караштуу Тюменьде сабиз 3 сомго, уй эти 5 сомго жана кумшекер 10 сомго чейин төмөндөгөн. Красноярскда тоок жумурткасы 26 сомго уй эти 29 сомго жана картөшкө 19 сомго төмөндөгөн. Саратов облустарында бул аптада уй этине жана кой этине болгон баалары 50 сомго чейин жогоруулагандыгын байкаса болот. Кененирээк маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу окуй аласыздар: https://docs.google.com/spreadsheets/d/1pKkjxw-V9wLWn_ntOPS_iyolqbHuzYXG/edit?usp=drive_link&ouid=107353448752551260144&rtpof=true&sd=true

Show More
Back to top button