Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба багытындагы жерге курулуш жүргүзүүнү көздөгөн факт аныкталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагында жеке жаран өзүнүн жеке менчик айыл чарба багытындагы кайракы айдоо жеринин күрдүү катмарын бузгандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, ал жерге мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүүнү көздөгөн. Жыйынтыгында, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №25 “Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 135 524, 35 сом доо коюлду.

Буга кошо, КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 241-беренесинин негизинде тиешелүү суммада айып салынып, жерди максаттуу пайдалануу зарылдыгы эскертилди.

Show More
Back to top button