Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Мал чарба продукциялары былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көбүрөөк өндүрүлдү

2024-жылдын 1-августуна карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат.

Эт өндүрүү. 2024-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 231,1 миң тонна эт өндүрүлдү, бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3298 тоннага же 1,4 пайызга эт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтүп турат.

Республикада эт өндүрүүнүн жогоруулашы айыл чарба малдын көбөйүшү менен байланыштуу.

2023-жылдын аягына карата республикадагы мал санактын жыйынтыгы боюнча ири мүйүздүү малдын саны 18,8 миң башка, кой жана эчкинин саны 15,1 миң башка, жылкынын саны 8,5 миң башка жана үй канаттуулардын саны 620,0 миң башка көбөйүшү менен байланыштуу.

Сүт өндүрүү. 2024-жылдын январь-июль айында республикада 1046,4 миң тонна сүт өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 26088 тоннага же 2,6 пайызга сүт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтөт.

Республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны былтыркы жыл менен салыштырмалуу 16,5 башка көбөйүшү жана уйлардын кунардуулугунун жогорулашы менен байланыштуу, уйлардын орточо сааны отчеттук мезгилде 17,9 кг көбөйүп 1162,1 кг түздү.

Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилде республикада 460184 миң даана жумуртка өндүрүлдү, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 43554 миң даанага же 110,5-пайызга көбүрөк болгондугун көрсөтөт.

Республикада жумуртка өндүрүү бардык облустарында көбөйүдө.

Жумуртка өндүрүүнүн жогоруулашынын эң негизги себеби тооктордун саны 571,1 миң башка көбөйүшү жана тооктордун азыктуулугунун жогоруулашы менен байланыштуу.

Жүн өндүрүү. 2024-жылдын 1-августуна карата республикада 13157,1 тонна жүн өндүрүлдү, бул көрсөткүч 243-тоннага көбөйүшү, же былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 101,9-пайызды түзгөнү байкалат.

Жүн өндүрүү республиканын бардык облустардын чарбаларында көбөйүшүү байкалат, эң негизги себеби-койлордун саны 37609 башка көбөйүшү жана азыктуулугунун жогоруулашы менен байланыштуу.

Show More
Back to top button