Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Россиядан мыйзамсыз 700 тонна буудай ташылып келген

Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан “Беловодск” темир жол станциясына ЖЧК “Орион Экстра” тарабынан 10 вагон буудай Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына ташып кирүүдө бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган. Фитосанитардык текшерүү учурунда жүктү коштоочу документтерде фитосанитардык сертификаттын оригиналы жана лабораториядан буудайга берилүүчү сыноо протоколу жок болуп чыккан.


Натыйжада департамент тарабынан аныкталган фитосанитардык бузуулар боюнча өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Show More
Back to top button