Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Казакстандан Кыргызстанга малдын ич эттери мыйзамсыз жол менен ташылып келгендиги аныкталды

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын “Ак-Жол” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Казакстан Республикасынан Кыргызстандын аймагына 1050 кг өлчөмүндө бодо малдын ич эттери мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган

Тактап айтканда, жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы, ошондой эле тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери жок экендиги аныкталып, инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк “Ак-Жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстан Республикасына артка кайтарылды

Show More
Back to top button