Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Экспортко багытталган 372,4 миң тонна карантинге алынган продукция текшерилди

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери тарабынан 2024-жылдын 1-августуна карата 372,4 миң тонна, 11 млн. 251 миң 486 даана, 1607,2 м3 карантиндик фитосанитардык талаптарга ылайык экспортко чыгуучу карантинге алынган продукция текшерүүдөн өткөн.

2024-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Россия Федерациясына 188,763 тонна, 11 млн. 20 миң 16 даана көчөт материалдары жана 354 м3 ар кандай өсүмдүктөрдөн карантинге алынган продукциялар экспорттолгон

Анын ичинен капуста – 22580 тн, сарымсак – 4061 тн, сабиз – 19831 тн. пияз – 11632 тн, дарбыз -4824 тн, өрүк – 10730 тн, кокон гилас – 13295 тн, кара өрүк – 3089 тн, картошка – 5606 тн, кулпунай – 3155 тн, грек жаңгагы – 18078 тн, мөмө жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрү (ягодные) – 291 738 даана, декоративдик өсүмдүктөр – 161009 даана, мөмө өсүмдүктөрүнүн көчөттөрү (плодовые) – 2 017 581 даана, гүл өсүмдүктөрү – 8226323 даана жана башкалар.

Карантинге алынган продукциялар ташып чыгуунун алдында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларда карантиндик фитосанитардык экспертизадан өтөт.

Департамент тарабынан аныкталган фитосанитардык бузуулар боюнча өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Show More
Back to top button