Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жыл башынан бери 47 айыл чарба кооперативи түзүлдү

2024-жылдын сегиз айынын ичинде 47 айыл чарба кооперативи жаңы түзүлүп, айыл чарба өндүрүшүнө ишке кирди. Анын ичинен Баткен облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда -7, Ош облусунда – 5, Чүй облусунда – 18, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 4, Нарын облусунда – 3.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын август айына карата жалпы республика боюнча 741 айыл чарба кооперативдери айыл чарба өндүрүшүндө 53127 га жерди иштетип өз ишмердиктерин жүргүзүшүүдө.

Анын ичинен: Чүй облусунда – 102 (31996 га); Ысык-Көл облусунда – 65 (4982 га); Ош облусунда – 98 (3988 га); Жалал-Абад облусунда – 247 (4712 га); Талас облусунда – 85 (1849 га); Нарын облусунда – 66 (2705 га); Баткен облусунда – 78 (2895 га).

Департамент айыл чарбасын кооперациялоо боюнча дыйкандарды окутуу, кеңеш берүү жана маалымат жеткирүү максатында 2021-жылдан тартып Түркия Республикасынын “ТИКА” агенттиги менен бирдикте К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жана Ош мамлекеттик университетинин базасында маалыматтык-окуу борбору уюштурулуп, керектүү жабдуулар менен камсыздалып, жыл сайын окуулар өткөрүлүп жатат.

Show More
Back to top button