Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Россиянын базарларында Кыргызстандын өрүктөрү үчүн кошумча орундуктар каралды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү Россия Федерациясынын шаарларынын жергиликтүү дүң рынокторунун дирекциялары менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өрүктү Кыргызстандан ташып келүүдө төмөнкүдөй шарттар каралган.

Новосибирск шаары, “Хилокский” дүң базары : Өрүккө болгон баа: 50 рубль
Унаанын кирүүсүнүн ижара акысы 43-47 миң рубль.
Өтүү жөндөмдүүлүгү: 3-7 күн
Кыргызстандын логистикалык компаниялары аркылуу 200 миң рубль жана андан жогорку төлөмдө жеткирүү акысы каралган.
Жолдо жүрүү убактысы 2-3 сутка
Суроолор боюнча 0557557529 номерине кайрылса болот.

Омск шаары, “Черлок” дүң базары: Өрүккө болгон баа: 50 рубль
Орунду ижарага алуу: күнүнө 5 -6 миң рубль, унаанын көлөмүнө жараша.
Өтүү жөндөмдүүлүгү: 5-7 күн
Жүктү 2-3 күндүн ичинде 250 миң рублга алып келүүгө болот

Сургут шаары, “Аскония” дүң базары: Өрүккө болгон баа: 80 руб кг
Жерди ижарага алуу: күнүнө 2500 миң рубль
Өтүү жөндөмдүүлүгү: 3-7 күн
Жүктү 3-4 күндүн ичинде 250 миң рублга жеткирүүгө мүмкүн
Кошумча суроолор боюнча 0557557529 телефонуна кайрылсаңыздар болот

Show More
Back to top button