Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бакыт Төрөбаев: Айыл чарбасынын артыкчылыктуу багыты бул – суу

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатынын негизинде эң орчундуу артыкчылыктуу багыт катары сууга өзгөчө басым жасалып жатканын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев белгилеп айтып келет.
Бул тууралуу Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир нече ирригациялык обьектилердин абалы, суу каналдарынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышканда дагы билдирип, дыйкандарды суу менен камсыз кылууда ирригация көйгөйүн чечүү, ички суу чарба каналдарынын баарын оңдоп, жөнгө салууга олуттуу маани берүү керектигин айтты.
Министрдин орун басары-Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев алгач Ат-Башы районундагы Кара-Суу айыл аймагында жайгашкан Шамбет суу каналынын куруу иштерин көрсөттү.
Аталган канал Кара-Суу, Кара-Булуң айыл айыл аймактарындагы сугат суунун тартыштыгын жоюп, 772 гектар жерди суу менен толук камсыздайт.
Мындан сырткары, министр Төрөбаев Нарын районундагы Куланак магистралдык каналынын крулуш иштери менен таанышты. Аталган каналда 2023-жылдын октябрь айынан баштап курулуш иштери жүрүүдө.
Канал курулуп бүтсө Куланак өрөөнү Ат-Башы ГЭСинен суу алуучу канал аркылуу сугат суусу менен камсыздалат. Жалпы суунун кайсы бир бөлүгү Кулунак ГЭСинде электр энергиясын иштеп чыгаруу үчүн колдонулат. ГЭСтин кубаттуулугу 10 мВт.
Деривациялык каналдын узундугу 8 чакырымды түзүп, анын чыгымы секундасына 50 кубометрге (шартка жараша секундасына 9 кубометрден 50 кубометрге чейин) жетет.
Каналдын курулушунда узундугу 400 метр тоннелди, көпүрөлөрдү жана нөшөрлүү жамгырлардын агын сууларын өткөрүүчү курулмаларды жайгаштыруу каралган. Ошондой эле жаңы жерлерди өздөштүрүү үчүн бөлүштүрүүчү каналдардын тармактарын куруу зарыл.
Өз нугу менен агып келүүчү Куланак каналы аркылуу 7,2 миң гектар жерди сугаруу пландалууда. Анын ичинен 2 миң гектарга жакын жаңы жер аянтын өздөштүрүү күтүлүүдө.
Көчмө жыйындын жыйынтыгында министрликтин алдындагы Суу ресурстары кызматына каналды планга ылайык мөөнөтүндө бүтүрүү, айрыкча курулуш иштеринде сапатка көңүл буруу тапшырмасы берилип, бир катар чечимдер кабыл алынды.

Show More
Back to top button