
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы тарабынан быйылкы жылга Өзгөн районундагы Жаман-Адыр насостук станциясынан суу ичкен 719 га сугат жерди толук сугат суу менен камсыз кылуу максатында 4,8 км магистралдык каналды жана 12,1 км (М-1-6,8 км, М-2-5,3 км) ички чарбалык каналдарын калыбына келтирүү (реабилитация) жумуштарын аткаруу планы коюлган. М-1 каналынын түбүнөн өтүүчү, 5 даана каналдын алдынан өтүүчү сел түтүкчөлөрү курулду. Андан тышкары 19 жаңы суу берүүчү курулмалар (водовыпуски) курулуп бүттү. Суу өлчөөчү курулма 1 даана курулду. Каналдын ПК20+00, ПК40+00 участкаларында өткөөл курулмасы (переходной участок) курулду жана 5 даана көпүрө курулду. 12-июлда М-1 каналында жумуштар толук бүткөрүлдү. Бүгүнкү күндө Ош башкы суу чарба башкармасы тарабынан Жаман-адыр массивинин М-2 (5,3 км) каналында эски бетон калдыктарын тазалоо, каналдын нугун кол күчү менен даярдоо, каналдын нугун нымдап тыгыздоо (влажная трамбовка), каналдын биринчи жана экинчи катмарын бетондоо, четтерин тегиздөө жумуштары аткарылууда. Буга чейин апрель-май-июнь айларында жааган нөшөрлүү жамгырдан кийин жүргөн селдердин кесепеттерин жоюу жумуштары аткарылды. Ошондой эле М-2 каналында 12 даана суу бөлүп берүүчү курулма курулду. Суу өлчөөчү курулма 1 даана курулду. 4 даана каналдан өтүүчү көпүрө коюлду, каналдын алдынан сел өткөрүүчү 2 даана курулма курулду. 14-июлдагы катуу жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы келген селдердин кесепеттерин тез арада жоюуга жер казуучу оор техника-механизмдерди, жумушчуларды “Ак-Буура” плотинасына жана Араван-Ак-Буура каналын тазалоо жумуштарына которулгандыгына байланыштуу Жаман-Адыр массивиндеги М-2 каналын куруу убактылуу токтотулган. 29-июлдан тарта каналды оңдоо жумуштары үзгүллтүксүз жүрүүдө.


