Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Буудай өткөн жылга караганда 14,6 миң га көп жыйналууда

Учурда кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда кызуу жүрүп жатат. Жалпысынан республика боюнча 888 комбайн иштеп жатат.
Белгилей кетсек, республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин 251,3 миң га, же 51,3 %ы оруп жыйналды.


Башкача айтканда, бул орточо түшүмдүүлүгү -29,0 ц/га түзүп, өткөн жылдан 12,0 центнерге көп болууда. Жалпы дүң жыйымы бункердик салмак менен 726,3 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу – 329,0 миң тоннага көп топтолду.


Буудай жыйноо иштери 128,9 миң га аянтта, же 42,2 % жүргүзүлүп, өткөн жылдан 14,6 миң га көп жыйналды. Орточо түшүмдүүлүгү – 30,6 ц/га болуп, былтыркы жылга караганда 11,4 ц/га көп. Түшүмдүүлүк Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарында 32,0-33,0 ц/га болууда. Ал эми дүң жыйым – 395,0 миң тонна топтолуп, былтыркы жылдын деңгээлинен 175,0 миң тоннага көп болду.


Арпа. Республика боюнча 122,4 миң га аянтта жыйналды, же жалпы аянттын 49,1% түзүп, өткөн жылга салыштырганда 6,4 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк -27,1 ц/га түзүп, өткөн жылдан 12,0 ц/га көп. Дүң жыйым – 331,3 миң тонна топтолуп, былтыркы жылдан 153,2 миң тоннага көп болду.


Арпанын эң жогорку түшүмдүүлүгү Чүй, Талас облустарында гектарынан 28,5 центнерден алынууда.
Картошканы жыйноо кызуу жүрүп жатат. Жалпы-66,4 миң га аянттын – 8,6 миң га же 13,0 % казылып алынып, орто түшүмдүүлүк-162,0 ц/га түзүп, өткөн жылдан 1,3 ц/га көп болууда. Дүң жыйым 129,0 миң тоннаны түздү.


Ал эми Чүй облусунун картошка өстүргөн дыйкандары гектарынан 173,0 центнерден түшүм алынууда.
Быйылкы жылы жашылча өндүрүүчүлөр жакшы жыйынтыктарга жетишип, жалпы дүң жыйымы -345,3 миң тоннаны түзүп, 2023-жылга карата 43,0 миң тоннага көп жыйналды.


Ошондой эле, бахча өстүрүүчүлөр да жакшы эмгектенишип, жалпы дүң жыйымы – 136,9 миң тоннага жетип, өткөн жылдан 28,0 миң тоннага көп жыйналды.

Show More
Back to top button