Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Питомниктерде өстүрүлүп жаткан көчөт материалдарына талаа инспекциясы жүргүзүлүүдө

Өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу 2024-жылы 15 питомникке «Мөмө – жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалдарын өндүрүүчү питомник» макамы ыйгарылып, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин буйругунун негизинде 2024-жылдын 1-июлунан баштап питомниктерде өстүрүлүп жаткан көчөт материалдарына Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо Департаментинин адистери тарабынан талаа инспекциясы жүргүзүлүүдө.

Талаа инспекциясы учурунда питомниктерде алманын, алмуруттун, өрүктүн, шабдалынын, карагаттын, малинанын жана кулпунайдын көчөт материалдары өстүрүлүп жаткандыгы аныкталып, сапаты текшерилди.

Бул иш-чаралар багбанчылыкты өнүктүрүүнү инновациялык жолго өткөрүүгө, сертификатталган, сорттук отургузуу материалын, ошондой эле, мөмө-жемиштерди өндүрүүнү көбөйтүүгө, багбанчылыктын экономикалык натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Show More
Back to top button