Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдөгү азык-түлүккө болгон баалар

Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы сыяктуу чет өлкөлөр менен Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк продуктуларына болгон бааларга салыштырмалуу мониторинг жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа, коңшу Казакстан Республикасынын базар бааларынан 14,7% га төмөн, ал эми Россия Федерациясынан 15,2% га төмөн экендиги аныкталды.

Ошондой эле эскерте кетсек, өткөн аптага салыштырмалуу Кыргыз Республикасынын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа 0,01% га жогоруласа, коңшу Казакстан Республикасынын базар баалары 0,1 % га, ал эми Россия Федерациясы 1,2 % га жогорулагандыгын байкаса болот.

https://docs.google.com/spreadsheets/d/1H5fMg2OCJDwyv2W9-YxHVyAcAWtFyuPO/edit?usp=drive_link&ouid=107353448752551260144&rtpof=true&sd=true
Show More
Back to top button