Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткенге суюк азот жеткирилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба жайыт жана тоют департаментинин «Элита» республикалык асыл тукум станциясы, республикадагы жасалма жол менен уруктандыруу пункттарын суюк азот жана жогорку азыктуу асыл тукум букалардын уруктары менен камсыздап келүүдө.


2024-жылдын 2-августунда Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарына суюк азот жана уруктарды жеткирүү үчүн атайын авто унаа жолго чыгат. Кийинки этапта Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарына таратуу мерчемделүүдө.

Show More
Back to top button