Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Республика боюнча сугат суу кандай бөлүштүрүлүүдө?

2024-жылдын 31-июлуна  карата сугатка суу берүү план боюнча 4645,2 млн.м3 болсо, иш жүзүндө 3803,5 млн.м3 же болбосо 82 % аткарылган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 19,4 млн.м3 аз.

Баардык сугарылган аянт план боюнча 2888,1 миң га болсо, иш жүзүндө 2256,0 миң га же болбосо 78 % аткарылган. Республика боюнча биринчи сугат менен 931,6 миң гектар сугарылса, анын ичинен: дан эгиндери – биринчи сугаты 153,9 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 259,3 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 104,8 миң га, мөмө жемиш бактары – биринчи сугаты 38,83 миң га, күрүч – биринчи сугаты 11,648 миң га, төө буурчак – биринчи сугаты 43,1 миң га, май өсүмдүктөрү– биринчи сугаты 4,3 миң га аянты сугарылган, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 181,94 миң га.

Баткен облусу боюнча сугатка суу берүү планда 406,83 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 377,1 млн.м3 берилген, план 93 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 280,7 миң га болсо, иш жүзүндө 244,4 миң га сугарылган же болбосо 87 % аткарылган.  Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 4,34 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 5,72 миң га, дан жүгөрү – биринчи сугаты 10,48 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 5,62 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты 12,43 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 14,938 миң га,

Ош облусу боюнча  сугатка суу берүү планда 757,46 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 510,0 млн.м3 берилген, план 67 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 497,7 миң га болсо, иш жүзүндө 314,7 миң га сугарылган же болбосо 63 % аткарылган.  Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 9,85 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 24,77 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты 5,55 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 30,18 миң га,

Жалал-Абад облусу боюнча  сугатка суу берүү планда 657,0 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 622,4 млн.м3 берилген, план 95 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 391,7 миң га болсо, иш жүзүндө 366,1 миң га сугарылган же болбосо 93 % аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 10,07 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 26,53 миң га, дан жүгөрү – биринчи сугаты 23,86 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 33,65 миң га,

Ысык-Көл облусу  сугатка суу берүү планда 431,1 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 413,5 млн.м3 берилген, план 96 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 232,2 миң га болсо, иш жүзүндө 220,1 миң га сугарылган же болбосо 95 % аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 37,256 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 45,456 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 17,48 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты 6,634 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 21,65 миң га,

Нарын облусу боюнча  сугатка суу берүү планда 560,8 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 461,9 млн.м3 берилген, план 82 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 260,0 миң га болсо, иш жүзүндө 197,2 миң га сугарылган же болбосо 76 % аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 27,5 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 70,7 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 12,7 миң га,

Чүй облусу боюнча сугатка суу берүү планда 1303,35 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 917,6 млн.м3 берилген, план 70 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 953,4 миң га болсо, иш жүзүндө 668,0 миң га сугарылган же болбосо 70 % аткарылган.   Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 54,193 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 75,124 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 30,25 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты – 8,626 миң га, малина-клубникалар – биринчи жана экинчи сугаты 16,37 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 44,322 миң га,

Талас облусу боюнча  сугатка суу берүү планда 528,7 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 501,0 млн.м3 берилген, план 95 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 272,3 миң га болсо, иш жүзүндө 245,5 миң га сугарылган же болбосо 90 % аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 10,7 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 20,0 миң га, дан жүгөрү – биринчи сугаты 3,5 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 7,1 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты 2,9 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 24,5 миң га.

Show More
Back to top button