
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Борбордук адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясына республикалык бюджеттин эсебинен Россия мамлекетинин өндүрүшүндөгү “Хроматэк-Кристалл 5000.2” газ хроматографы сатылып алынды.

Газ хроматографынан негизги функциясы пестициддердин сапатын, алардын өсүмдүктөрдө, топуракта жана сууда калдык санын аныктоо болуп саналат.

Россия Федерациясынын “Хроматэк” компаниясы тарабынан Борбордук жана Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясынын адистерин аталган лаборатордук жабдыкты сактоо, транспортировкалоо жана ишке киргизүү боюнча окуу өткөрүлдү.