Маанилүү жаңылыктар

Жакында өрүк өндүрүүчүлөр Кытайдын рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк алышат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги Кытайга айыл чарба продукциясын экспорттоону көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү иштери уланып жатканын билдирет. Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №441-р тескемеси менен Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына өрүктү экспорттоодо фитосанитардык талаптар жөнүндө Протокол бекитилген. Андан ары Протоколду ишке ашыруу үчүн өрүк өстүрүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагында ыйгарым укуктуу органдардын биргелешкен кыргыз-кытай инспекциясын уюштуруу зарыл. Жакында өрүк өндүрүүчүлөр Кытайдын рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк алышат.


Муну эске алуу менен биз өрүк өндүрүүчүлөргө кытайлык өнөктөштөрдү издөөнү жана өрүктү жеткирүү боюнча фьючерстик келишимдерди түзүүнү сунуштайбыз.

Show More
Back to top button