Маанилүү жаңылыктар

Республика боюнча машина-трактордук станциялардын саны такталды

Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, райондук мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте ар бир райондо 2016-2020 жана кийинки жылдары түзүлө турган машина-трактордук станцияларды уюштуруу планын иштеп чыккан.


Министрлик тарабынан Айыл чарбаны кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментине жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен биргеликте ар бир райондо уюшулуп, иштеп жаткан жана 2024-жылы жана кийинки жылдары уюшула турган МТСтердин санын тактоо тапшырылган.


Тактап айтканда, 2024-жылы республиканын аймактарында 10 агротехникалык механизациялык кызмат көрсөтүүчү ишканасы уюшулган, анын 2 муниципалдык жана 8 жеке менчик.


Ал эми чечим кабыл алынгандан бери жалпысынан 152 МТС уюшулуп, алардын 55 муниципалдык, 97 жеке менчик ишканасы болуп эсептелет. Ошондой эле, алардын карамагында 3000 ашык ар түрдүү үлгүдөгү айыл чарба техникалары бар. Мындан сырткары, 2024-жылы республиканын аймактарында 20 МТС уюштуруу болжолдонууда.

Show More
Back to top button