Маанилүү жаңылыктар

Б.Төрөбаев: “Суу менен айыл чарбасы бир бүтүн ажырагыс организм”

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев суу маселеси дүйнө боюнча орчундуу көйгөйлөрдүн бирине айланганын, суу менен айыл чарбасы бир бүтүн ажырагыс организм экенин белгилеп, Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатынын негизинде, министрликтеги эң орчундуу артыкчылыктуу багыт катары сууга өзгөчө басым жасалып жатканын байма-бай билдирип келет.

Бүгүнкү күндө, сууну 95 пайыз айыл чарбасы колдонот. Андыктан айыл чарбасы менен суу ажырагыс бир бүтүндүктү түзөт. Экөөнү эки башка кароо мүмкүн эмес.

Бул туурасында Төрөбаев министрликке караштуу Суу ресурстары кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышкан жыйында айтып, тиешелүү жетекчилерге бир катары маанилүү протколдук тапшырмаларды берди.

Өзгөчө, министрлик тарабынан мөңгүдөн баштап, жердин астындагы, үстүндөгү суулар, дарыялар, бассейиндердин баарын баланска алуу, инвентаризация жасоо, ар дайым мониторинг жүргүзүү аркылуу, сууга аяр, үнөмдүү саясат жүргүзүү стратегиясы иштелип чыгууда.

Мындан улам, сугат мезгилинде талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпай өз убагында тейлөө максатында, дыйкандарды суу менен камсыз кылууда ирригация көйгөйүн чечүү, ички суу чарба каналдарынын баарын оңдоп, жөнгө салууга олуттуу маани берилип жатат. Каналдардын оңдолушу сел сыяктуу жаратылыш кырсыктарынан эгин талаалары, калктуу конуштар зыян тартпашына дагы чоң мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

Show More
Back to top button