
Суур ресурстары, айыл чарба жна кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык кызматтын “Кең-Булуң” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Казакстан Республикасынан Кыргызстандын аймагына 1600 кг өлчөмүндө койдун эти мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган.
Маалыматка ылайык, жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы, ошондой эле тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери жок экендиги аныкталып, инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк “Кең-Булуң” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстан Республикасына артка кайтарылды.


