Маанилүү жаңылыктар

Чүй облусу боюнча 15 га аянтта жүгөрүнүн зыянкеч көпөлөгү аныкталды

Чүй облусу боюнча 38 946 га аянтка жүгөрү өсүмдүгү айдалган, а.и. Чүй районунда 4100 га аянт. 2024-жылдын 26-июлуна карата Чүй району боюнча жүгөрүнүн зыянкеч, илдеттерине карата изилдөө иштери жүргүзүлгөн.

Кошумча дагы 115 га аянтта жүгөрүнүн зыянкеч (сабагынын) көпөлөгүнө (кукурузный стеблевой мотылек) карата изилдөө иштери Чүй РАӨБ башчысы Б.А. Мамбеткеримов Чүй-Бишкек ӨХККБнын жетектөөчү адиси Т.Т. Кожогельдиев жана дыйкандар тарабынан С.Ибраимов а/ө Совет айылындагы жана Бурана а/ө Дон-Арык айылындагы жүгөрү себилген аянттарында изилдөө жүргүзүлдү.

Изилдөөнүн жыйынтыгында 15 га аянтта жүгөрүнүн зыянкеч көпөлөгү аныкталды. Ага каршы Ципрометрин препаратын, 1га аянтка 1 литр норма эсебинде чачуу сунушталды.

Ошондой эле, дыйкандарга дрон аппраты менен чачуу боюнча сунуш берилип, дрон ээлери менен 1 га аянтты 1200 сомдон иштеп берүү жагы сүйлөшүлдү.

Жүгөрүнүн зыянкеч (сабагынын) көпөлөгү (кукурузный стеблевой мотылек), (Ostrinia nubilalis) Июнь-июль айларында пайда болуп, өсүмдүктөрдүн 150дөн ашык түрүн зыянга учуратат, жүгөрү, таруу, сорго, пахта, сояга эң көп зыян алып келет.

Көпөлөк курттары жүгөрүнүн бардык органдарына: жалбырактарга, сабактарга, паникулаларына, (тамырдан башка) зыян келтирет. Боолорду чайнаганда өсүмдүктөрдүн тамактануусу бузулат, гүлдөөнү кечеңдетет жана жалбырактын жана түйүндүн көлөмүнүн кичирейишине алып келет, паникуланын бузулушу чаңдашууну начарлатат.

Көпөлөктөр менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы-агротехникалык иш-чаралар, ошондой эле отоо чөптөрдөн кылдат тазалоо.

Show More
Back to top button