
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы сыяктуу чет өлкөлөр менен Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк продуктуларына болгон бааларга салыштырмалуу мониторинг жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа, коңшу Казакстан Республикасынын базар бааларынан 14,71% га төмөн, ал эми Россия Федерациясынан 15,25 % га төмөн экендиги аныкталды.
Эскерте кетсек, өткөн аптага салыштырмалуу Кыргыз Республикасынын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа 0,33 % га жогоруласа, коңшу Казакстан Республикасынын базар баалары 3,5 % га, ал эми Россия Федерациясы 1,29 % га жогорулагандыгын байкаса болот.


