Маанилүү жаңылыктар

6 айда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча 30 миңден ашуун экспертиза жүргүзүлгөн

Өсүмдүк айыл чарба продукцияларынан карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди аныктоо максатында, 2024-жылдын 6 айында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларына жалпы- 12247 даана үлгү түшкөн, анын ичинен:

– импорттук карантинге алынган продукциядан 6626 даана үлгү;

– экспорттук карантинге алынган продукциядан 4517 даана үлгү;

– изилдөө иш-чараларынан 872 даана үлгү;

– кайрылулар боюнча 138 даана үлгү.

Жалпы лабораториялар 34466 экспертиза жүргүзгөн, анын ичинен 11 түр карантиндик зыяндуу организмдер (калифорния калканчысы, кызыл карагай кара муратчаны, мөмө жемиш бактарынын бактериалык күйүк оорусу, Комсток курту, тыт калканчысы, чыгыш мөмө жегичи, алча чымыны, сары чырмоок, сойломо кекире, томаттын мозаика пепино вирусу, күрөн бырыш томат вирусу) аныкталган.

Ошондой эле, импорттук үрөн-көчөт материалдары боюнча 6 айда өсүмдүктөрдүн карантин боюнча лабораторияларына импорттук карантинге алынуучу продукциядан 2253 даана үлгүсү келип түшкөн, анын ичинен 2024 даана көчөттөн жана 229 үрөндөрдөн, карантиндик-зыяндуу организмдерди аныктоого 6764 экспертиза жүргүзүлгөн.

Show More
Back to top button