Маанилүү жаңылыктар

“Сүт жана эт багытындагы ири мүйүздүү малдардын генетикасын жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу убактысы талкууланды

KOICA агенттиги аркылуу каржыланып жаткан долбоордун жетекчиси профессор Сонгхо Чой (Seongho Choi) Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Дүйшеев Мирбек, Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун директору, профессор Керималиев Жаныбек менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу учурунда долбоордун эффективдүү жүрүшү тууралуу маселелер айтылды.

Талкууда министрдин орун басары Дүйшеев финансылык каржылоолорду тактап, долбоордун иштерин тездетип, мөөнөтүнөн мурда бүткөрүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту “Кыргыз Республикасынын сүт жана эт багытындагы ири мүйүздүү малдардын генетикасын жакшыртуу жана ветеринарлардын потенциалын түзүү” багытында атайын долбоор жүргүзүүдө.

Бул боюнча башкаруу комитетинин жетекчилиги ири мүйүздүү малдардын асылдандыруу жана жасалма уруктандыруучулардын потенциалын, эффективдүүлүгүн жогорулатуу, маалыматтарды чогултуу максатында институттун окумуштуулары менен биргеликте иш алып барууда.

Show More
Back to top button