Маанилүү жаңылыктар

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жарым жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өттү

Бүгүн, 24-июлда К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жарым жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өттү.

Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, министрдин орун басарлары, коллегиянын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары, Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары Кубат Касейинов үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча маалыматтар менен тааныштырды.

Коллегиянын күн тартиби боюнча Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин, Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин, ошондой эле, Кадамжай, Ак-Суу, Кочкор, Кара-Суу, Ысык-Ата, Бакай-Ата, Сузак райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарган иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө отчет беришти.

Коллегияда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев өлкөнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн 5 артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Бул боюнча Төрөбаев төмөнкүлөргө токтолду:

– 22-июльда “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү чаралары жөнүндө” КР Президентинин Жарлыгы кабыл алынды.

Өлкөнүн агроөнөр жай комплексин орто мөөнөттүү мезгилде (2024-2028-жылдар) өнүктүрүү боюнча биз Жарлыктын негизинде төмөнкү 5 артыкчылыктуу багыттар боюнча иш алып барабыз.

Биринчи багыт – суу ресурстары. Суу-биздин байлыгыбыз!

Алдыга койгон максатыбыз:

106 БДР жана БСР куруу менен 987,0 млн.куб сууну топтоону камсыздоо;

223,7 миң га сугат жерлерди суу менен камсыздоону жакшыртуу;

1800 скважиналарды калыбына келтирүү;

120 насостук станцияларды оңдоо;

2028-жылга аягына чейин кошумча 120-200 миң га айдоо аянтына тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын орнотуу;

суу ресурстарын башкаруунун гидрогеографиялык принцибинин негизинде 5 бассейн башкармалыгын уюштуруу, суу жөнүндө бассейндик маалыматтык системасын түзүү.

Ал үчүн ирригация каналдарын курууда инновациялык технологияларды колдонуу, сууну үнөмдүү пайдаланууну колдоо, анын ичинен тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу, жер алдындагы суу скважиналарын инвентаризациялоо, муниципалдык менчиктеги ирригациялык объекттерди мамлекеттик менчикке өткөрүү маселелерин ишке ашыруу керек.

Бул иш-чараларды жүзѳгѳ ашыруу үчүн бюджеттен 407 млрд. сом акча каражаты талап кылынат.

Экинчи багыт – үрөн, көчөт жана асыл-тукум материалдары – бул айыл чарбаны өнүктүрүүнүн ѳзѳгү!

Алдыга койгон максатыбыз:

2028-жылга жогорку сапаттуу 38 миң тонна үрѳндү даярдоо менен керектелүүчү кѳлѳмдүн 30 % камсыздоо;

2028-жылга 20 млн сапаттуу кѳчѳттѳрдү ѳстүрүүнү уюштуруу;

2025-жылга чейин республиканын аймагында кошумча 5 питомникти уюштуруу;

ϴлкөнүн шартына ыңгайланган жогорку түшүмдүү ар бир өсүмдүктөрдүн 10 сортун аныктоо;

Ата-мекендик айыл чарба өсүмдүктүн үрөндөрүнүн, анын ичинен жүгөрүнүн,  люцернанын жана жашылчалардын экспортун арттыруу;

Жаныбарлардын генетикалык ресурстарын жакшыртуу;

Мал породаларынын 10 түрүн аныктоо жана аларды сатып алууну жеңилдетүү максатында мамлекеттик лизинг программаларын ишке ашыруу;

Жыл сайын 200 миң баш уй-кунажындарды асыл-тукум малдын уругу менен уруктандыруу, ал максатта керектүү жабдуулар жана техник-уруктандыруучу адистерди даярдоо; 

2030-жылга чейин ар бир саан уйдан 5000 литр сүт саап алууга жетишүү;

Тоют базасын түзүү үчүн ар бир айыл аймакка силос жана сенаж тоютун даярдоочу ири базаларды уюштуруу.

Жыйынтыгында, биз тандап алган 10 продукциянын жогорку маржиналдуу жана кирешелүү сортторун жана мал породаларынын 10 түрүн импорттоого артыкчылык берүүгө багыт алабыз.

Үчүнчү багыт – кайра иштетүү, соода-логистикалык борборлор, МТСтер, кооперация – бул экономиканын локомотиви!

Алдыга койгон максатыбыз:

Кайра иштетилүүчү продукциянын деңгээлин 50 % жеткирүү;

11,5 млрд сомду түзгѳн 20 соода-логистикалык борборду куруу;

Айыл чарба продукцияларынын логистика системасын түзүү;

2024-2030-жылдардын ичинде айыл чарба өндүрүшүндөгү кошумча 424 айыл чарба кооперативди уюштурууга шарт түзүү;

Мамлекеттик фондунун жерлеринен кошумча 13,6 миң га жер тилкесин айыл чарба кооперативдерине ижарага берүү;

Ири фермаларды куруу үчүн 100,0 га жер аянтын берүү, кунардуулугу төмөн жайыт жерлерин которуу (трансформациялоо) иштерин жөнөкөйлөтүү;

40 райондо инновациялык айыл чарбасынын техникалары менен камсыз болгон МТСтерди куруу;

2024-2030-жылдары 35,6 млрд сомго айыл чарба техникаларын лизинг аркылуу фермерлерге берүү жана 20 миңден ашык жумуш орундарын түзүү;

Ветеринардык-санитардык абалды сактоо үчүн эл аралык стандартта эл аралык сертификацияланган 20 мал союуучу жайды куруу.

Төртүнчү –   Экспорт – Кыргызстандын имиджи!

Алдыга койгон максат:

2030 жылга айыл чарба продукциясын экспорттоону 2 эсеге көбөйтүү;

Эң жогорку кирешелүү 60ка жакын продукцияны экспорттоо;

Келечекте эл аралык стандарттарын киргизген өндүрүш ишканаларынын санын 2 эсе көбөйтүү;

ϴз тармагынын лидерлери болгон беделдүү ишканаларга комплекстүү колдоо кѳрсѳтүүнү иштеп чыгуу;

Мамлекет аралык мультимодалдык ташуу үчүн жарактуу экспорттук таңгактардын стандарттарын иштеп чыгуу;

2030-жылга чейин 650 балык чарбасын уюуштурууга шарт түзүү жана экспорттун кѳлѳмүн 105 миң тоннага жеткирүү;

Кыргызстан экспорттоп жаткан мамлекеттердин талабына дал келтирүү үчүн аймактардагы экспортко багытталган продукцияларды аныктоо, кѳлѳмүн жана сапатын жакшыртууга шарт түзүү.

Мисалы: Кытай Эл Республикасына эт азыктарын экспорттоо үчүн Нарын жана Ысык-Көл облустарында, Ош облусунун Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа райондорунда эт багытындагы мал чарбаларын түзүү, алардын ѳндүргѳн продукцияларынын кѳлѳмүн жана сапатын тиешелүү талаптарга шайкеш келтирүү боюнча иш-чараларды уюштуруу.

Бешинчи багыт – Илим, билим, окутуу, тажрыйба алмашуу. Билимдүү фермер – мол түшүм – бакубат Кыргызстан!

Алдыга койгон максатыбыз:

Айыл чарба өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын генетикалык ар түрдүлүгүн аныктоо максатында ДНК денгээлде Министрликке караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун базасында

7,5 млн АКШ доллар каражатына молекулярдык-генетикалык лабораторияны түзүү;

Айыл чарба багытындагы инновациялык илимдер боюнча чет мамлекеттен окумуштууларды тартуу менен эл аралык мейкиндикти түзүү;

Багбанчылык, мөмө-жемиш жана дары өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча алдыңкы, прогрессивдүү, инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү;

Тамак-азыктарын бирдей формада, бирдей көлөмдө даярдоо, сортоо, сактоо, таңгактоо, маркировкалоо, ташуу процесстерин жакшыртуу;

Жасалма уруктандырууну алдынкы технологиялар менен жүргүзүү үчүн техник уруктандыруучу адистерди окутуп, даярдоо;

Ирригация тармагында суу чыгымдарын эсепке алуу максатында суу эсептегич счетчиктерин орнотуу;

Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин жогорулатуу максатында, ар бир райондо “Фермерлерди тейлөө борборлорун” (ФТБ) уюштуруу;

Министрликте “Фермерлерди тейлөө борборлорун” туташтырган Ситуациалык борборду түзүү;

Органикалык жер семирткичтерди ѳндүрүүнү, колдонууну жайылтуу;

Жер-жерлерде ѳстүрүлүп жаткан ѳсүмдүктѳрдү, мал жандыкттарды багып ѳстүрүү боюнча илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, окутууларды, форум-тренингтерди, тегерек столдорду, кѳргѳзмѳлѳрдү жаңы форматтагы слетторду, агро диалогдору ѳткѳрүү;

Мектептен тартып жогорку окуу жайга чейин айыл-чарба тармагына болгон кызыгууну арттыруу үчүн активдүү иш-чараларды өткөрүү, – деп билдирди.

Коллегиянын жыйынтыгында 2024-жылдын 1-жарым жылындагы жетишкендиктер белгиленип, айрым тармактарда орун алган көйгөйлөр, кемчиликтер көрсөтүлүп, аларды чечүү боюнча сунуштар кабыл алынды жана 2024-жылдын аягына чейин милдеттерди ишке ашыруу тапшырылды.

Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - photo_5260520659501573148_w-1024x682.jpg
Show More
Back to top button