Маанилүү жаңылыктар

Республика боюнча оруп-жыюу өнөктүгүнө 1453 комбайн ишке тартылат

2024-жылы республика боюнча дан эгиндерин оруп-жыюу жумуштарына 1950 дан комбайндын 1453 катышууга даяр.

Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүй облустарында дан комбайндарга болгон жумуштун көлөмүнүн жогору болгондугуна байланыштуу айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти оруп-жыюу өнөктүгүндө комбайндарды дан эгиндеринин бышып жетилүүсүнө жараша аймактарга бирдей бөлүштүрүү боюнча мобилизациялоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Учурда оруп-жыюу өнөктүгүндө Чүй облусуна Ысык-Көл, Нарын облустарынан 94 дан комбайндары тартылып, өнөктүк өз нугунда жүргүзүлүүдө.

Ал эми өлкөнүн түштүк аймагындагы оруп-жыюу өнөктүгүнө жалпы 400гө жакын дан комбайндары катышууда, анын ичинен 100гө жакыны тоо этегиндеги дыйканчылык зоналарына тартылат.

2024-жылы 1 комбайнга туура келүүчү жумуштун көлөмү 253,4 гектарды түзөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Суусамыр өрөөнүндө өнөктүк август айында башталып, октябрь айында жыйынтыкталат.

Show More
Back to top button