Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстанда суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу боюнча Франциянын тажрыйбасы колдонулат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Швейцария элчилигинин миссиясынын башчысынын орун басары Андрес Мюллер менен жолукту.

Тараптар аталган министрликтин суу саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларын күчөтүүгө багытталган биргелешкен демилгени талкуулап макулдашышты. Мындан сырткары, “Кыргыз Республикасында сууну пайдаланууга уруксат берүү системасы” долбооруна өзгөчө көңүл бурулду.

Долбоордун стратегиялык максаты – суу ресурстарын натыйжалуу башкарууну камсыз кыла турган бассейндик деңгээлде суу ресурстарын башкаруу боюнча Франциянын тажрыйбасын колдонуу менен өлкөдө суу пайдаланууну жөнгө салууну өркүндөтүү болуп саналат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар КР Суу ресурстары кызматы менен Швейцариянын аймактык кызматташтык агенттигинин ортосундагы келишимге кол коюуну тездетүүнү макулдашышты.

Show More
Back to top button