
14-июлда Ош облусундагы катуу нөшөрлөгөн жамгырдан кийинки селден улам сугат каналдары тазаланып, калыбына келтирилип, дыйкандарга сугат суу үлгүлтүксүз бериле баштады. Атап айтканда:
– Ноокат районундагы “Сапарбаев-2” чарба аралык каналы селден кийин кыйроого учураган. Атайын техника тартылып, шилендилерден тазалоо жумуштары аткарылды;
– Кара-Суу районунда “Обводной”, “Присавай П-1”, “Савай” каналдары шагыл, ылайдан толугу менен тазаланды;
– Араван районунда “Найман-Головной”, “Мазар-Арык”, “Сандык”, “Мечит”, жана “Араван-Сай” чарба аралык каналдары калыбына келтирилди;
– “Отуз-Адыр” каналы тазаланып, сугат суу үзгүлтүксүз берилүүдө.
Азыркы тапта райондук суу чарба башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан зыянга учураган калган сугат обьектилерин шилендилерден тазалоо жумуштары уланууда.




