
14-июлда Ош облусундагы катуу нөшөрлөгөн жамгырдан кийинки селдерден келтирилген зыяндарды калыбына келтирүү боюнча райондук суу чарба башкармалыктары тарабынан үзгүлтүксүз жумуштар алып барылууда.
Тактап айтканда, Ноокат районунда “Күнгөй”, “Сапарбаев-1” чарба аралык каналдары кыйроолорго учурап, учурда атайын техника тартылып шилендилерден тазалоо жумуштары аткарылууда. Ал эми Кара-Суу районунда “Ак-Буура” плотинасындагы башкы суу бөлүштүрүүчү курулмасы, “Араван-Ак-Буура”, “ПМК”, “Южный”, “Жойпас”, “Гүлчө-Гунан”, “Мады” суу бөлүштүрүүчү чарба аралык каналдары кыйроолорго учурады. Мындан сырткары, Араван районунда “Найман-Головной”, “Мазар-Арык”, “Сандык”, “Мечит”, жана “Араван-Сай” чарба аралык каналдары зыянга учурады.
Азыркы тапта райондук суу чарба башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан шилендилерди тазалоо жумуштары аткарылууда. Объекттерди калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүп бүткөн соң, сугат суу берүү жандандырылат.



