Маанилүү жаңылыктар

Жыл башынан бери дыйкандарга жеңилдетилген шартта 700гө жакын техника берилди

Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн техникалык жабдуу жана МТСтерди модернизациялоо максатында айыл чарба техникаларын лизингге алууну өнүктүрүү үчүн 9 кредиттик линия аркылуу ишке ашырылууда. Долбоорлор ААК «Айыл Банк» аркылуу жөнгө салынып жатат.

Бул лизингдик долбоорлордун алкагында, республикадагы айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө бардык түрдөгү айыл чарба техникалары жана жабдуулары, айыл чарба өсүмдүктөрүн жамгырлатып жана тамчылатып сугаруу жабдуулары, жеңилдетилген шартта 10 жылдык мөөнөткө жылдык 6% пайыздык чен менен берилет.

Белгилей кетсек, техниканы лизингге берүү долбоору ишке кирген күндөн баштап, 16,1 млрд сомго 6573 даана ар түрдүү айыл чарба техникалары берилген. Ал эми, 2024-жылы 2,5 млрд сомго 659 даана ар түрдүү айыл чарба техникалары берилген.

Show More
Back to top button