
Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти тарабынан жайыттарды туруктуу башкаруу жана муниципалдык ишканаларды түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында, Чүй облусунун Чүй, Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Панфилов жана Жайыл райондорунда жайыттарды жакшыртуу жана малдын асылдуулугун жогорулатуу боюнча окутуу болуп өттү.
Окутуу төмөнкү темалар боюнча жүргүзүлдү:
“Жайыттарды башкаруу, муниципалдык ишканаларды түзүү жөнүндө”;
“Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын түзүү”;
“Жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүүнүн агротехнологиясы”;
“Асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүүгө берүүнүн тартиби”;
“Малдын асылдулугун жакшыртуу”;
Окутууга райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, айыл аймактарынын башчылары, жайыт адистери жана муниципиалдык ишканалардын адистери катышышты.





