Маанилүү жаңылыктар

Араван районундагы Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн аймагында 10 ирригациялык скважина жаңыртылды

Союз учурунда аталган аймакта 80ден ашуун скважина бар болсо, бирок бүгүнкү күндө алардын 41-42си гана иштеп жатат.

2022-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ирригация үчүн иштебеген скважиналарды калыбына келтирүү жөнүндө токтом чыккан. Токтомдо 30дан ашуун скважинаны калыбына келтирүү каралып, алардын 20сы Ош облусунда жайгашкан. Араван районунда 10 скважинаны калыбына келтирүү мерчемделген. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 9у: Төө-Моюн аймагында – 5, Араван районунун Жогорку зонасында – 4 скважина калыбына келтирилди.

Скважиналарды калыбына келтирүү республикалык бюджет жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашты.

Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - photo_5217927434467402519_w-1024x682.jpg
Show More
Back to top button