Маанилүү жаңылыктар

Ош облусунда 260 млн долларга жер семирткич чыгарган завод курулат

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен “Хебейлик Бай Доу Цзя” компаниясынын ортосунда түзүлгөн инвестициялык келишим ишке ашырылууда.

Инвестициялык долбоор 260 млн АКШ долларын түзөт. Инвестициялык долбоор аркылуу, Ош облусунун, Ноокат районунун аймагында Кыргыз-Кытай айыл чарба өндүрүш паркын куруу күтүлүүдө. Демонстрациялык паркта:

-жер семирткич чыгаруучу завод курулушу;

-айыл чарба техникаларын куроо;

-үрөнчүлүктү өнүктүрүү тармактары каралууда.

Белгиленгендей, курулуштун жалпы баасы 260 млн долларды түзүп, завод ишке кирсе 1 миңден 3 миңге чейин жумуш орундары түзүлөт.

Show More
Back to top button