
Бүгүн, 10-июлда Красноярск шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргыз-Орус өкмөттөр аралык комиссиянын 25-отурумунун жана 11чи Региондор аралык конференциянын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы, анын ичинде айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
Алар:
“КыргызЦентрПродукт” ЖЧК жана “Белое дерево” компаниясы ортосунда 50 млн. сомго тоңдурулган мөмө-жемиштерди, жер-жемиштерди жеткирүү келишими;
“КыргызЦентрПродукт” ЖЧК жана “ТрансСибЛизинг” ЖЧК ортосунда 50 млн. сомго тоңдурулган мөмө-жемиштерди, жер-жемиштерди жеткирүү келишими;
“Рим” ЖЧК менен “Вилби” ЖЧК ортосунда деңиз азыктарын жеткирүү келишими;
Борбордук Сибирь Соода-өнөр жай палатасы менен Баткен облусунун Лейлек районунун ортосунда 3 миң тоннадан ашык пияз жеткирүү келишими;
Бул келишимдер Кыргызстандан Россияга жогорку сапаттагы продукцияны үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздайт, бул соода-экономикалык байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого өбөлгө түзөт.





