Маанилүү жаңылыктар

Үч-Коргондун коон жана дарбыздары Россия Федерациясына экспорттолуп жатат

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жалпы 2242 га аянты анын Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында эгилген 2100 га бакча өсүмдүгү эгилген, анын ичинен 1991 га дарбыз, 251 га коон талаалары ээлейт.

Бүгүнкү күнгө карата 1900 га, же 90,0 пайыз жерде бакча жыйналып, жалпы 50350,0 тонна бахча топтолгон, анын ичинен 43699,0 тоннасы дарбыз, 6651 тонна коон жыйналып, гектарынан 265,0 центнерден алынууда. Кошумча дагы 60-61 миң тонна дарбыз жыйналуусу күтүлүүдө.

Учурда дарбыздардын дүң баасы 15-18 сомду, чекене баасы 20-25 сомду, ал эми коондун дүң баасы 14-17 сомду, чекене баасы 20-23 сомду түзүүдө.

Азыркы учурда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан дыйкандарга колдоо көрсөтүлүп, Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын дыйкандары өстүргөн дарбыздарын Россия Федерациясынын Москва, Санкт-Петербург, Тула шаарларына төрт фурага 100 тонна жүктөлүп жиберилди, кошумча дагы эки фурага 50,0 тонна дарбыз жүктөлүп жатат.  Автотранспортторду чек аралардан тоскоолдуксуз өткөрүүгө жана Россия Федерациясынын базарларында сатууга көмөк көрсөтүлүп жатат.

Дарбыз жана коонду Россия Федерациясы, Казакстанга экспорттоону каалаган дыйкан-фермерлер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштертүү өнөр жайы министрлигинин жогорудагы кызматкелерине телефон аркылуу кайрылышса болот:

•Мадиева Бермет Искендеровна – Экспорт жана интеграция боюнча чечимдерин ишке ашыруу бөлүмүнун башкы адиси; (байл.т.:+996500270791);

•Анарбеков Искак Анарбекович – Кайра иштетүү өнөр жайы боюнча чечимдерин ишке ашыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; (байл.т.: +996555346060);

•А.Абдрашов (байл.т.: +7 702 830 0630)- Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министрлигинин өкүлү;

•Е.Ауэзов (байл.т.: +7 777 123 4177) – Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министрлигинин өкүлү.

Show More
Back to top button