Маанилүү жаңылыктар

Азыктардын сапатын жана коопсуздугунун ченемдерин сактабагандар жоопкерчиликке тартылат

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы “Ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу чектөө (мораторий) киргизүү жөнүндө” №1 Жарлыгына киргизилген 2024-жылдын 14-мартындагы  “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы № 1 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” №76 өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы (мындан ары-ветеринардык кызмат) 2024-жылдын 1-июлунан тартып мал чарба азыктарын өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо жана сатуу менен алектенген ишкердик субъекттерин пландуу текшерүүлөр кайра башталгандыгы жөнүндө маалымдайт.

Ишкердик субъекттердин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнүн алагында Ветеринардык кызмат өндүрүштүн нормативдеринен ашып кетүү, ишканаларды каттоонун жоктугу, тыюу салынган заттарды пайдалануу, өндүрүлгөн азыктарга жетишсиз байкоо жүргүзүү, ошондой эле, азыктарды сактоо шарттарына шайкеш келбөө жана башка административдик бузуулар сыяктуу мыйзам бузууларды аныктайт.

Пландуу текшерүүлөрдүн кайра жанданышына байланыштуу Ветеринардык кызмат ишкердик субъекттерине Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин (ЕАЭБ ТР) жана ветеринардык-санитардык стандарттардын, анын ичинде жаныбарлардан алынган азыктардын сапатынын жана коопсуздугунун ченемдерин сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө эскертет.

Бузуулар табылган учурда административдик жана жазык санкцияларын кошкондо, жоопкерчиликтин ар кандай чаралары колдонулушу мүмкүн.

Эске салсак, 3-июлда Министрлер Кабинетинин орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев сүттү кайра иштетүүчү ишканалар жана фермерлер менен жолугушууда Кыргызстанда сүт өндүрүүчүлөрүнүн арасында пальма майын колдонгон ишкерлер аныкталып жаткандыгын билдирген жана 10 адамдын өздүгү УКМКга өткөрүлүп берилгендигин айткан.

“Кылмышкерлер кургак сүттү же сарысууну сатып алышып, андан кийин пальма майын кошуп, андан ары алынган продукцияны сүттү кайра иштетүүчү ишканаларга өткөрүп турушкан”, – деп билдирген министр.

Show More
Back to top button